Атамбаев кайрадан суракка чакырылды

   Мезгил

  Экс-президент Алмазбек Атамбаевге  экинчи ирет  Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө алып барып, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун колуна тапшырышты.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11-июлда саат 10.00гө күбө катары суракка чакырылган.

Белгилей кетсек Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча күбө катары Атамбаев  2-ирет чакырылып жатат.

 Эске салсак Алмазбек Атамбаев  буга чейин  Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Бирок   ал суракка барбай тургандыгын айткан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *