Атамбаев: Кечээ үчүнчү кабатка туруп алып ок аткам. Кайып кеттиби, же тийдиби мен билбейм

   Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кечээки Кой-Таштагы окуяда үчүнчү кабатка туруп алып ок атканын айтты.

“Курал менде гана бар болчу. Атайын кызматтын балдары 3-кабатка келгенде мен 5-6 жолу жогору карай ок аткам. Кайып кеттиби же тийдиби мен билбейм. Бирок, эч кимге тийбегидей кылып аткам. Кийин менин тарапташтарыма күнөөнү илип койбосун деп ачык айтып жатам», -деди ал.

Ошондой эле бүгүн түштөн кийин Ак үйдүн алдына мөөнөтсүз митинг уюштура тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүргөн. Бирок, Атамбаевдин тарапташтары аны алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ал эми  аны колго түшүрүү учурунда 48 адам жараланса, бир жоокер каза болгон. Ошондой эле учурда алты жоокер Кой-Ташта туткунда.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *