Атамбаев: Кечээки келген балдар жаш экен. Андан көрө Сооронбайды эле жиберсеңер болмок экен

    Мезгил

Кечээ, 8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча экинчи операция жүрүп, натыйжада  Атамбаев өзү колго түшүп берүүгө мажбур болгон. Аны менен Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүү жүргүзүп алып чыгып кеткен.  

Ал эми ал жолду карай кетип бара жатып, “кечээки келген балдар жаш балдар экен, андан көрө Сооронбайдын өзүн жиберсеңер болмок экен” деди. Ошондой эле ал президенттик төш белгисин албай калганын айтты. 

Эске салсак, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчун операция жүрүп, бирок ал натыйжасыз болгондуктан ал экинчи күнү да уланган. Анда Алмазбек Атамбаев өзү колго түшүп берген. Ал УКМКда сурак берген соң коррупцияга айыпталып, 26-августка чейин камакка алынды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *