Мезгил
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартка белгиленген соттук териштирүүгө катышат. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн интернеттеги баракчасына баракчасына жазды.
«Урматтуу достор! Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартта боло турган соттук териштирүүгө Алмазбек Алмазбек укук бузууларга жана мыйзамсыздыкка каршы чыккан тарапташтарынын жанында болот» , — дейт ал.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда саат 9.30да башталат.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, 14 адамга айып тагылып сотко жөнөтүлдү. Аны Биринчи май райондук соту карайт. Биринчи угуу 2-мартка белгиленди.
Мезгил ньюс