Атамбаев: Парламентке Текебаев  сыяктуу адамдар абдан керек

   Мезгил

Экс-президент Алмазбек  Атамбаев  кечээ,  16-июлда Кой-Таштагы үйүндө журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.

 Анда  «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу комментарий берди.

«Парламентке Текебаев  сыяктуулар абдан керек экени көрүнүп турат. Алар өздөрүн кандай гана алып жүрбөсүн, ойлоруна эмне гана келбесин, алар парламентке керек. Бул өкүнүчтүү. Сот боюнча факт далилденген.  Бирок ал ансыз да мөөнөтүн өтөп бүттү окшойт. Менин каталарымдын бири дайыма мыйзам боюнча чечкиле дегеним болгон деп ойлойм. Бүгүн сот Текебаевдин пайдасына чечим чыгарса болмок. Бул процесс күлкүлүү болуп бара жатат. Кээде жумшагыраак болууну да талап кылганда болмок экен», – деди Атамбаев.

  Кечээ Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин  21-августка жылдырды.

Белгилей кетсек, Текебаев “орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды” деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, мүлктү конфискациялоо менен 8 жылдан эркинен ажыратылышкан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *