Атамбаев Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камалышын өч алуу деп эсептейт

Мезгил

“Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камоо тууралуу чечим – бул “Раим миллиондун” досторунун өч алуусу экени көрүнүп турат” деп эсептейт Атамбаев. Бул тууралуу КСДП партиясынын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

 Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди “анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет” деп негиздеген.

Ал эми  31-мартта өткөн басма сөз жыйынында Алмазбек Атамбаев  Райымбек Матраимовду кызматтан алууну өкмөт башчыга өзү көрсөтмө бергенин айткан эле:

Өткөн жылы премьер-министр Сапар Исаковдон бул схемадагы кардиналдардын бири “Райым миллионду” кызматтан алышын катуу сурангам. Азыр мен Сапар Исаков ошол адамдын парламенттеги жана анын сыртындагы таламдаштарынын катуу чабуулуна кабылганын көрүп жатам. Сапар Исаков ишин аткарып жатат. Сапар Исаков кээ бир адамдарды катуу “таарынтты”. Ал “Райым миллионду” кызматтан алды, – деген Атамбаев.

Ал эми Райымбек Матраимов өзү иштеген мезгилде бажы тармагынан түшкөн киреше дайыма жогору болгонун белгилеп, 2017-жылы он айда 27 млрд. 700 млн. сомду мамлекеттик бюджетке түшүргөнүн, бул өкмөт койгон пландан дээрлик 300 млн. сомго көп болгонун айткан.

Ошондой эле  Райымбек Матраимов буга чейин бир катар басылмаларга “2015-жылы Алмазбек Атамбаев жана досум Икрамжан Илмиянов аркылуу мен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгам. Мен дайыма КСДПга пайдалуу болууга аракет кылып келдим. Азыр да өзүмдү партия менен бир командадамын деп эсептейм”, – деп маек берген.

Ал эми  ушул жылдын апрель айларында “мени негизсиз жумуштан алды” деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарды.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *