Атамбаев: Сооронбай баняда аркамды “жышып” жүрчү

Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаев июнь айынын бери Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугууда. Атамбаев аны колдоп баргандар менен сүрөткө түшүп, журналисттердин суроолоруна жооп берип турат.

Ал эми кечээ, 18-июлда да күндөгүдөй тарапташтарынын алдына чыгып алардын айрым суроолоруна жооп берди.

Алар “президент Сооронбай Жээнбеков  Нарындагы Солтон-Сары жайлоосунда  койлор ууланып өлүп жатат, уран меселеси ушулар боюнча үн чыгарабы кичине, үнүн такыр  эле укпай койдук” деген суроо салышты.   

Алардын бул суроосуна Алмазбек  Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө эл ишенбей тургандыгын айтып, “мени алдап кетсе болот, бирок элди алдай албайт” деди.   

  “Ал эл алдына чыгып эмне деп айтат. Айтса силер ишенесиңерби?. Ким ишенет. Атамбаевди 24 жыл алдаса болот. Бир жарым жыл элди алдады, эки жылга төрт эле ай калды иш бүттү.  Эл деле алданбай калды.  Мени алдаса болот. Аркаман жүрүп, банядан аркамды жышып, ар кайсы сөздү айтып “биринчи Кудай, экинчи сиз” деп. Ал эми элди алдай албайт. Менго эми алданып калдым. Жаныңда бирөө жүрсө алданат экенсиңда” деди экс-президент.  

Белгилей кетсек экс-президент Алмазбек Атамбаев буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен бирге саунага барып, ага акча төлөп жүргөнүн айткан. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *