Атамбаев, таш менен коргонобу?

Мезгил

Азыр саясат айдыңында сайсый жылдызга айланган Атамбаев тууралуу ар тараптуу кеп учугу чыгып, жогорку кеңештин депутатарынан тартып, карапайым калкка чейин бир гана Атамбаевди ооздорунан түшүрбөй турган маал. Адахан Мадумаров айткандай, Атамбаев президенттик такты өткөрүп берип жатканда 120 депутат «сиз айкөлдүк кылдыңыз, сиз акылмансыз, сиз жакшы кишисиз» деп айткан сөздөрү 180 градуска бурулуп, учурда Атамбаевден өткөн душман жок болуп, аны каралап, макабын алуу үчүн баарына даяр турган кездери.

Мындай кысымга чыдабаган А. Атамбаев, депутаттардын ыдыгынан коркуп, “кол салып жиберишпесин же кармап кетишпесин” деген максатта “Кой-Таштагы үйүн таш менен коргоо үчүн камаздап таш түшүрүп жатат” деген кеп чыкты. Ал эми Кундуз айым бул айтылган кепти четке кагып «курулушка керектөө үчүн гана ташылып келди» деп кайрылуу билгизди. 

 

Деги бул эки ача айтылган кептин кайсынысы туура экени азырынча ачыкка чыга элек. Кээ бир узун кулактардын “Атамбаев үйүн коргоо үчүн атайын таш түшүрүп жатат” деп айтан кебине кулак салсак дагы, чындыгы бардай сезилип жаткансыйт. Анткени 2010-жылы ак үйдүн алдына түшүрүлгөн таштай  бир өңчөй колго илинген майда таштарды түшүргөнү да, коргонуу үчүн түшкөн таштын элесин бергенсийт.  Ошону менен бирге эле Атамбаевдин үйүнө бир топ төшөк-жууркандар алынып келингени тууралуу да маалымат чыкты. 

Ал эми Атамбаев “куралым бар, коргоно алам” деген кебине таянсак таш  балким чын эле курулуш жагына пайдаланат чыгар. Бирок, кандайдыр бир жаңжалга даярданып жаткандай түр көргөзгөн бул оюндун аягы кандай болот ал эч кимге белгисиз. Деги эмнеси болсо дагы демди ичке катып күтө туралычы. Не бар, не жок, азыр жашоодон баарын күтүүгө туура келип калбадыбы.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *