Атамбаев тергөөгө барбай турганын айтты

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын билдирди. ИИМдин Тергөө кызматынын чакыруусуна ылайык Атамбаев 9-июлда эртең менен күбө катары суралмак.

Милиция кызматкерлери чакырууну ага 8-июлдун кечинде Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирилип беришкен. Чакыруу келгенден соң Атамбаев тарапташтары менен жолугуп, журналиттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал суракка барбасын, бийлик өзү Конституция менен мыйзамды сыйлашы керектигин билдирди.

– Мен бул чакырууну колго албайм, окубайм дагы. Алардын оюнун ойнобойм, укуктук талаадан чыгып кетишти. Азыркы бийлик мага каршы иш козгоюн деп оюндар башталганда мыйзамдын баарын бузган. Биринчиден, бийлик укуктук талаага, укуктук ченемдерге кайтып келиши зарыл. Бийлик мыйзамды сыйлап баштамайын алардын оюндарын ойнобойм – деди Атамбаев.

Эске салсак, 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. Ага 25-июнда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун билдирген. Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну ага «көө жабуу» аракети катары сыпатташкан.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *