Атамбаев өзү казган оорго өзү түшөбү?

   Мезгил

Ооба, бир кезде Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, чындап караганда маанилүү маселелерди ачык айтып, эч кимдин көңүлүнө карабай чындыкты, калыстыкты кармаган үчүн элге катуу алынган. Андан дагы куудулдар дагы депутатарды шылдыңдап, «теке баштамайын эч иш кыла алышпайт» деген сөзүнө теригип, качан Текебаевдин соту болуп жатканда депутаттар азыркы эле Атамбаевди каралаган сыяктуу бийликтин сөзүн сүйлөп, эптеп Текебаевдин кесилип кетишине жол ачышканы да чын.

Мындайда «ит күлүлүн түлкү сүйбөйт» болуп, тың депутаттын кылган иштерине каршы чыгып, калыстыкты айта алышпай камалып кетишине жол ачкан депутаттар азыр Текебаев күнөөсүз кесилип кеткенин айтып чыгып жатышканы да кандайдыр бир калысьтыктын жокутугун ачык белгилеп турат. Учурда  чындап караганда депутаттардын тактикасы такыр туура эмес болуп жатканына, карапайым калк өс баасын берип жатканы да анык. Ооба, бир кезде Текебаев канчалык такылдап актанса да, ушул эле депутаттар ошол кездеги бийликтин караанына жамынган. Азыр дагы ошол эле иш кайталанып жатат.

Бул иш кийин дагы толук ушундай эле кайталанышы  мүмкүн. «Анткени кайтар дүйнө» деген ушул. Бир кезде өмүрбек Текебаевдин тагдыры азыр Атамбаевдин башына келди. Бирөөгө оор казсаң тайыз каз өзүң түшүп каласың дегендей Атамбаев бир убакта далай саясатчыларга казган ооруна өзү түшүп жаткан жокбу деген суроо туулат. Анткени ар ким өзү чаапкан жол менен акыры бир күн басары белгилүү да…

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *