Атамбаев өзүн Манаска салыштырды. Ал “Манас бийликтен кетип алсырап турганда баары саткан” дейт

Мезгил

Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин  Кой-Таштагы үйүндө анын тарапташтары жана  манасчы Талантаалы Бакчиев менен жолугушуу учурунда “Манас бийликтен кетип, алсыз жарадар болуп турганда анын жанындагылардын баары саткан деген ойду айтты.   

 “Мен Германияга барганда  Манас эпосунун   эң биринчи жазылып алынган Радловдун  версиясын  алып келгем. Аны бастырып чыгайын деп окуп чыккандан кийин токтотуп койгом. Себеби Манас жарадар болуп алдан тайып, бийликтен кетет. Ал  өлүп баратканда ошондо баары сатат.  Радловдун версиясында эч нерсеси  катпай жазылган. Каныкей кырк чорого барса кырк чоро да качат. Эң корркунучтуу жери Каныкей Бакай атага барат, Бакай атага барса “мен сага айран уурдап берейин” деп  ал да качат.  Мен азыр ошону чыгарбагандыгым үчүн  өкүнүп атам. Ошону чыгарсак,  илгерки манасчылар “Ээй кыргыздар, аткаминерлер дайыма Манаска окшогондорду сатат, сатпагыла!” деп чыгарыптыр. Мен болсо кур намыска алдырып чыгарбай койгом да. Ушул күндөр өткөндөн кийин сөзсүз чыгарам. Менде Радловдун ушу эки тому бар.  Кур намыска алдырып, кантип эле ушундай болсун, уятгго деп ойлогом.  Азыр көрүп атам, Манастын тегрегиндегилер бири калбай саткандай, Кыргыздан элитасы Абыке-Көбөштөн коркуп кырк чоро   Бакай ата баары тең сатылып атат”- деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, Атамбаев өзүн Манас эпосундагы каармандарга салыштыруу биринчи жолкусу эмес. Ал өзүн буга чейин Кошойго салыштырган.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *