Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон Үсөн Ниязбеков акыркы сапарга узатылды

Мезгил

Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон УКМКнын офицери Үсөн Ниязбековдун сөөгү жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы жана президенттин аппараттынын жана Өкмөттүн өкүлдөрү катышты. Анда маркумдун түгөйү Асанбек Ниязбеков эгизин эскерип, сөз сүйлөдү. 

Ал эми Үсөн Ниязбековдун көзү өтүп кетсе да “полковник” наамы ыйгарылды.

7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо учурунда ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков согуштук куралдан жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаратынан каза болгон.

47 жашка чыккан аскер кызматкеринин артында 4 уул, 2 кызы калды.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *