Атамбаевдин Батукаевге байланыштуу көрсөтмөсү маанилүү. Суракка качан келет?

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевге байланыштуу көрсөтмөсү тергөө үчүн абдан маанилүү. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.

Тактап айтсак, ИИМ Атамбаевди бул иш боюнча 3 ирет суракка чакырган. Бирок Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшмөйүнчө суракка барбай турганын айткан. Ал тергөөчүлөрдүн суроолоруна кат түрүндө жооп берүүгө макулдугун айтып, кызматташууга даяр экенин билдирген.

Атамбаевдин жана анын өкүлүнүн мындай иш аракеттери кылмыш-процессуалдык мыйзамды түздөн-түз бузууга алып келет.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматында суракка алынган башка аткаминерлер “Атамбаев окуя тууралуу кенен билет” деп көрсөтмө беришкен. Андыктан анын көрсөтмөсү абдан маанилүү. Ал эми Конституциялык палатага кайрылуу тергөө амалдарынын токтоп калышын шарттабайт. Мындан улам башкы көзөмөл орган мурунку президенттин келип суроолорго жооп берүүсү максатка ылайык – деп эсептейт.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана парламенттеги депутаттык комиссия Атамбаевге тагылган айыптар негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *