Атамбаевдин үйүнөн табылган курал-жарактардын тизмеси

Мезгил

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнөн бир нече курал-жарактар табылган.

Буга ылайык ИИМдин кызматкерлери 8-августта Атамбаевдин үйүн текшерүү учурунда куралдардын бир нече түрү октору менен табышкан.

Анда, драгунов снайпердик винтовкасы магазини менен, Симонов куралы, Капрал жана ТТ тапанчасы (7, 62 калибрлүү октору менен), GM-100 маркасындагы 2 тапанча, Сайга куралы, ТОЗ куралынан 2 даана, Fabarm, ZOLI жана PROGRESS куралдары табылган. Жалпысынан 11 курал октору менен алынган.

Ошондой эле, УКМКнын атайын кызматынын аскерлеринен тартып алынган 12 калибрлүү резина октору менен 7 даана курал алынган. Учурда табылган курал-жарактар боюнча тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *