Атамбаевдин мыйзамсыз баюуга байланыштуу иштери өзүнчө каралат

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуусуна байланыштуу сотко чейинки иликтөө иштеринин арасынан мыйзамсыз баюуга байланышкан соттук иштери өзүнчө каралат.

Тактап айтсак, ИИМ Атамбаевге тийиштүү мыйзамсыз боюу боюнча материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп берди.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциянан улам кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Бүгүн, 20-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-октябрга чейин камакта калтырды.

Башкы прокуратура Атамбаевди бир катар оор кылмыштар боюнча айыптап жатканын билдирген.

Ал эми мурдагы президенттин адвокаттары жана тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалашууда.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *