Атамбаевдин тарапташтары 3-июлда «Соке болбой калды» деген митинг өткөрүшөт

Мезгил

Жогорку Кеңештин кол тийбестиктен ажыратуу чечими, Атамбаевди кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай чечимге каршы турган Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары  22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Ошондой эле Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында 3-июлда «Соке болбой калды» деген митинг өткөрөөрүн айтышууда. Митингге Атамбаев өзү катышат. Ал эми буга чейин Алмаз Атамбаев Жээнбековду жана бийликти сындаган бир катар билдирүүлөрдү жасаган.

 

 

Буга Президент Сооронбай Жээнбеков жана бийлик өкүлдөрү тарабынан эч кандай жооп кайтарыла элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда, Суусамырда өткөн балбан Кожомкул Каба уулунун 130 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөдү. Анда  калкты ынтымакка чакырган, каалоо-тилектерин билдирди:

– Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып-тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен берки тарыхыбыз өзү тастыктап турат. Бирге болсок, ата-бабалардын элесине татыктуу болгон улуу жеӊиштердин ээси болобуз. Карт тарыхыбызга, тереӊ маданиятыбызга, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими тереӊ, дени сак коомду түзөбүз. Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз.

 

Бул  президенттин Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын ажыраткандан бери эл алдына чыгып, биринчи жолу сөз сүйлөшү.​

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *