Атамбаевдин жана анын туугандарынын дагы башка мыйзамсыз мүлктөрү текшерилет

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарына таандык 135 кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү камакка алынган. Анын ичиненичинен 20 мүлкү кайра камактан чыгарылды. Документтер изилденип, тергөө иштери аткарылгандан кийин Башкы прокуратура Жал-23 кичи районундагы №77 көп кабаттуу үйдөгү 18 батирди камактан чыгарды. Ошондой эле “Телерадио уюму ассоциациясы” аттуу юридикалык жактын бирикмеси дагы бар. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев президент кезинде мыйзамсыз байыды деген факты боюнча сотко чейинки териштирүү ишинин жүрүшүндөгү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Учурда Башкы прокуратура тарабынан тергөө иштери уланып жатат. Мындан сырткары УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө Атамбаев жана анын жакын туугандарына тийиштүү башка дагы мыйзамсыз мүлктү аныктоо тапшырмасы берилди.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди 8-августта атайын операция Кой-Таштагы үйүнөн кармап, 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Кийин 20-августта анын камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылган.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *