Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага карата кылмыш иши козголууда

  Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага да кылмыш иши козголууда. Ага Манас Арабаевдин иши боюнча кылмыш иши козголгону айтылды. Бул тууралуу бүгүн Алмазбек Атамбаевдин жубайы УКМК имаратынын алдында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Бүгүн Манас Арабаевдин ишинин алкагында мага да кылмыш иши козголуп жатканын билдим. Алмазбек Шаршеновичтин үй-бүлөсүнө, тарапташтарына саясий куугунтук күчөп жатат. Кудаларыбыздын үйү тинтүүгө алынды. Кой-Таштагы үйдү да камакка алышат деген божомол бар. Эгер ошондой боло турган болсо мен балдарым менен көчөдө калам. Мен эч качан саясатка аралашкан эмесмин”, — деди Раиса Атамбаева.

Белгилей кетсек, Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген.

“Экс-президенттин жубайына карата көрсөтмө берип жатам. 2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда ал бир нече жолу көшөргөн түрдө жолугушууну суранып, талап кылды. Бул жолугушуулар болду. Бул жолугушууларга башка адамдар да катышкан. Жолугушуулардын биринде анын уулу Раис да болгон. Бул жолугушууларда экинчи инстанцияда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн”, – деген ал.

Ошондой эле Арабаев, Атамбаева ага смс жазганын айткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *