Атамбаевге “Ак Шумкар” сыйлыгы өзү алууга умтулбаганы үчүн ушул кезге чейин бериле элек

Мезгил. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” сыйлыгын берүү боюнча бир жыл мурда  учурдагы президент инаугурациясында билдирүү жасаган. Ал Атамбаевге таза шайлоо өткөргөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул аракети “Ак Шумкар” төш белгисине татый турганын белгилеген.  Президенттин билдирүүсү арадан эки айдай убакыт өткөн соң документ жүзүндө тастыкталып, Атамбаевди сыйлоо жарлыгын чыгарган.

Бирок, жакында депутат Ирина Карамушкина парламенттин жыйынында аталган сыйлык али күнчө Атамбаевдин колуна тийе электигин жарыялады. Ал эми президенттик аппараттын маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтуусу боюнча, сыйлыкты алууга Атамбаев деле анчалык ынтызарлыгын көрсөткөн эмес. 

“Алмазбек Атамбаевди сыйлоо боюнча 2017-жылдын соңунда жарлык чыккан. Бирок, экс-президент өзү деле эмнегедир ынтызар боло бербеди. Учурда бул маселе президенттик аппаратта талкууда жок”, – деди маалымат катчы.

Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатыры” наамын берүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов да көтөрүп чыккан.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар  жана ардактуу наамдар тууралуу” мыйзамы.

1.Кыргыз Республикасынын жогорку наамы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жарандарга мамлекет, коом  үчүн жасаган, эрдик менен айкалышкан, Кыргыз Республикасынын эркиндигин, эгемендүүлүгүн, өнүгүүсүн  даңазалаган өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылат.

 2.”Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамы бир олу “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси жана тийиштүү күбөлүгү менен тапшырылат.

3.”Ак Шумкар” өзгөчө белгиси Кыргыз Республикасынын орден жана медалдарынын үстүндө, көкүрөктүн сол тарабына тагылат.

 Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 10-июлундагы №234 буйругу менен бекитилген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *