Атамбаевге оор кылмыштар боюнча иш козголуп, 120 мүлкү камакка алынды

Мезгил

Бүгүн, 13-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу 7-8-августтагы окуялар боюнча маалымат жыйыны өттү. Анда А.Атамбаевге «Адам өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор беренелер боюнча кылымшы иштери козголгондугу тууралуу айтылды. Ошондой эле бул окуя боюнча айрым журналисттер менен аткаминерлер суракка чакырылып жатканын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов басма сөз жыйынында билдирди.

– Мирбек Айтикеев, Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова, Дмитрий Ложников жана депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина 7-8-август күндөрү баарын көрүп жүрүшкөн. Алардын кесибине карап же башка себеп менен эмес, тергөөнүн ачык-айкын болушу үчүн суракка чакырылууда – деди Жамшитов.

Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин анын 120 мүлкү камакка алынганын кошумчалады башкы прокурор.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып 26-августка чейин камакка алынган.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Атамбаевди кармоо операциясында атайын кызматтын бир жоокери каза таап, жалпысынан 136 адам жаракат алган.  

Мезгил Ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *