Атамбаевге жакындагандарга куугунтук болуп жатабы?

Мезгил. 

КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап бара коем деген депутатты УКМКга суракка чакырышкан.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын берген маалыматына караганда, ушул эле фракциянын депутаттарынын бирин УКМК суракка чакырган. Бул анын Атамбаевге барып,  партиянын юбилейи менен  куттуктап  келгенден  кийин болгон.

“Фракциялашым Асел Кодуранова экөөбүз Алмазбек Атамбаевдин Форумдагы офисине барып, партиянын юбилейи менен куттуктадык. Ал абдан кубанып, айым партиялаштары бир топ туруктуу экенине көзү жеткенин айтты. Анткени, көп эркек партиялаштары аны сатып кетишпедиби. Биз болсо эч нерседен коркпой турганыбызды, партиядагы кайчы пикирлер бир күнү жоюлуп баары ордуна келээрин көрсөтүү үчүн атайын бардык. Атамбаевдин маанайы жакшы экен”, – деп айткан Карамушкина.

Андан кийин депутаттын белгилешинче, Атамбаевди куттуктоого барган дагы бир фракциялашы УКМКга чакыртылган. Андан Форумга эмнеге, кандай максат менен  барганын чечмелеп суракка алышкан.

“Анын аты-жөнүн ачык айта албайм, акыбал толугу менен териштирилип бүткүчө ачыкка чыкпай турганы оң. Бирок, бул мени абдан ойлондурду. Бул эгер чындык болсо, анда эле кооптондура турган коңгуроо”, – деген Ирина Карамушкина.

Айтымында, Атамбаевди партиянын юбилейи менен куттуктап баргандарды укук коргоо кызматкерлери тескеп турушкан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *