Аткаминер Алтынай Өмүрбекова куру дегенде жаш балдарды сыйлап койсо болбойбу?

Мезгил. 

Мектептин ачылышына даярданган 3-4-класстын окуучулары катарга туруп вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы күтө беришип, аз жерден кулап кала жаздашты. “Турмуш” сайтында балдардын сүрөттөрү жарыяланды.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Кызыл-Ордо айылында орто мектеп пайдаланууга берилди. Бул мектептин курулуш иштери тогуз жылдан бери бүтпөй келген. Быйыл жалпы баасы 66 млн 242 миң сомду чапчыган курулуш соңуна чыгарылып, бүгүн ачылыш аземи болду.
Мектептин ачылыш аземине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бармак. Аземге алдын ала даярданган кенже класстын окуучулары короодо эки катар болуп, колдоруна желек кармап тизилген бойдон кезерип, 2,5 саат аткаминер айымды күтүшкөнү айтылууда. Акырында алдан тайыган тестиерлердин кээ бири баштары айланып кулап калчудай болушканда, катардан чыгышып, көлөкө жерде баштарын кармап отуруп калышкан.  Наристелердин шайы оогондон кийин гана Алтынай Өмүрбекованы коштогон Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов, экс- экономика министри Арзыбек Кожошев, Оштун губернатору  Узарбек Жылкыбаев  сыяктуу аткаминерлер кудага келишкенден бетер, кечиккендерине беттери чымырап койбой жетип келишкен.

Бул, бийликтин бутактарын кармоочулардын ар кандай кылыгына көнүп бүттүк. Беш ооз кепти айткыча да жерге килем төшөттүргөндөрүнө, жамгырда кол чатырды өздөрү кармабай, жардамчыларына карматып калкалангандарына, дагы толтура. А бирок, куру дегенде наристелерди сыйлап коюшса болбойбу? Алардын эс-тутумунда эми аткаминер дегениң эсиң оогончо күттүрө турган адамдар болуп калды болушу керек.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *