Атактуулардын арзуусу. Сабира Күмүшалиева: «Мен, Муратбек Рыскуловдун байбичесимин»

Мезгил

Убакыт канча жылдарды карытканы менен, залкар инсандардын баскан изин өчүрө албайт. Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин дегендей, улуу таланттардын баскан жолу урпактарына өрнөк. Биз сөз кыла турган кыргыз элинин кайталангыс эки залкары  сүйүүгө жеткен дагы, жетпеген да, анан сүйө алган жана сүйдүрө алган улуу адамдар катары улуу тагдырды жаратышат.

  •  Айылдык улан менен айтылуу актрисанын кездешүүсү

Жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген талантынын айынан, Жумгалдан калааны көздөй жол тарткан тоолук улан, алгач театрга жөнөкөй эле жумушчу болуп ишке кирет. Тагдыр сыноосу болдубу же тагдыр тамашасыбы айтор, жылдызы жанып турган Сабира Күмүшалиевага көзү түшүп, кайда барбасын кадала караганын койбойт. Өзүнөн карек албаган жаш жигитти алгач байкабаганы менен бара-бара ал каректерден кутула албай,  ызасы жек көрүүгө айлана баштайт. Тагдыр ташын калчап турса, азап салчу дарт дагы бакыт болуп берет тура. Анткени, эки залкардын сезим отунун тутанышына Сабира апанын капыстан ооруп калганы себеп болгон экен. Ошондо Муратбек Рыскулов жанынан карыш чыкпай, көкөйүнө көк таштай тийген каректер, көзгө жароокер көрүнүп жакын болуп кеткенбиз деп эскерген экен Сабира апа.

Жаш уландын көкүрөк отун, тубаса талантын сезген кыраакы актриса ошол күндөн баштап кайдан чыгарын билбей оргуп жаткан булак көзүн ачып, Муратбек агайга колдон келген жардамын аябай, сабак өтө баштайт. Карапайым, эч кандай билимге ээ эмес айылдык жигит тез эле сахна төрүн аттап, не бир керемет ролдорду ийине жеткире аткарып, көптөгөн бийиктиктерди багынтып  «Сахна королу» деген атка татыктуу болот.

Муратбек Рыскулов сүйүү торуна чалынып, Сабира Күмүшалиеванын колун сурап жүргөн кезде, улуу актриса кан майданга аттанып, дарексиз кеткен жолдошун күтүп жүргөн маалы экен. Бир күнү чогуу иштеген кесиптештери шаар четине эс алууга чыгышып, ошол жерден шар аккан суу жээгинде,  жүрөк дартынын дабасы экенин айтып, турмушка чыгышын суранат. Бирок, жок деген жоопту уккандан кийин, сууга салаӊдата кармап туруп, «Сен мага турмушка чыгасың же мен сени ушул сууга салып ийем» дептир залкар актёрубуз.

Коркконунан макул деген актриса бошонгондо  мен баары бир жолдошумду күтөм деген жообун берет. Муратбек аганын жалындуу махабаты, тубаса таланты Сабира апанын да  жүрөгүнө от коюп, акыры колун сураган Мукесинин сунушуна макул болуп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп берет.

Буга Сабира апанын «Колтугума жылуу сүттү катып алып, Мукем роль аткарып бүткөнчө күтүп турчумун. Оюн аяктап көшөгө жабылары менен сактаган сүтүмдү ичирээр элем. Анткени, артист алгач тамагын сакташ керек»  деп эскергени жөнөкөй эле бир мисал болуп бере алат деп ойлойм.

Ал кишинин күнөөсү жок

Сабира Күмүшалиева турмуш босогосун алгач белгилүү жазуучу Күмүшалиев менен бирге аттайт. Бирок, жолдошу ошол кезде баардык элдин башына түшкөн ааламаттын айынан, кан майданга аттанып, ошол бойдон көп жылдар дайынсыз кетет. Канча жылдардан кийин, Сабира Күмүшалиева Муратбек Рыскуловго жолугуп, кудайдын буйругубу, тагдырдын белегиби, айтор экөө баш кошкондон кийин, биринчи күйөөсү аман-эсен туз буйруп кайтып келет.

Экөө жолугуп сүйлөшкөн менен ортолорунда кандай сөз болгонун экөөнөн башка жан адам билбейт. Улуу адамдын улуулугун, айкөлдүгүн күнүмдүк жашоосунда да далилдеп, залкар актерубуз «ал кишиде күнөө жок, ошон үчүн Күмүшалиева бойдон кала бер», – деген сөзүнөн кийин Сабира апа биринчи жолдошунун фамилиясында Күмүшалиева бойдон калган экен.

Жалгыз бак күбө болчу

Экөө такси менен Кызыл-Аскер тарапта жайгашкан чоң бакка барып, ошол жактан урушушуп, ачууларын чыгарышып, анан күтүп турган таксиге түшүп алып эч нерсе болбогондой үйлөрүнө кайтышчу экен. Экөөнүн урушуна жалгыз гана бак күбө болуп, жакындары эмес, жадагалса балдары да, залкарлардын үй-бүлөдөгү казан-аяк кагылуушусун көрбөгөндөрүн, уулу ата, кызы эне болгондо, экөөнүн урушунун эки күбөсүнүн бири болгон тааныш таксист кызына айтып таӊ калтырган экен.

Сабира Күмүшалиеванын Муратбек Рыскуловду эскерүүсү

Мыктынын мыктысы эле… Сахнада залкар актер, үйдө мыкты ата, ак көңүл, кишиге катуу сүйлөбөгөн, оор басырыктуу жан эле… Экөөбүз “сен, мен” дешип, мага жаман сөз айтып, көӊүлүмдү калтырган жок. Мукем алып берген нерселер көзү өтсө да ошол бойдон күнү бүгүнкүсүндөй турат. Алмаштырбайм! Мукемин колу тийген нерсенин баары мен үчүн кымбат.

Мен, Муратбек Рыскуловдун байбичесимин!

Муратбек Рыскулов, жубайынын «мен залдан жакшы көрүнбөйм, анткени боюм кичинекей, анан калса аял кишинин орду үйдө, балдарынын кашында. Ошондуктан сен эле театрда кал деген сунушуна, «эл сенин боюӊа эмес, талантыӊа баасын беришет. Театрдан кетем деген сөзүӊдү экинчи оозанба деп, адамдын талантын, баркын, эмгегин баалап-сыйлаган кеменгер кишинин «бечера Сакиш, мен деп жүрүп, менин көлөкөмдө калдың го…» – деп кейигени азырга чейин эл арасында аӊыз болуп айтылып жүрөт. Бирок, күйөөсүнүн көлөкөсүндө калууда, улуу актриса үчүн бакыт болгонун «мен, кыргыз элинин атактуу актрисасымын» деп төш какпай, «мен, Муратбек Рыскуловдун байбечесимин» деп сыймыктануу менен көзү өткөнчө айтып келгенинен билсек болот.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *