Ау! Табалдиев табыла элекпи?

Мезгил

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзам чегинде иштеп жаткандар мыйзамдан кантип жылчык таап качырып жибергендигин иликтөө боюнча ушул жылдын январында иш башталган. Муну мыйзамды мыкчып турган мыйзам токугучтар, башкача айтканда мыйзамдуу депутаттар демилге кылып көтөрүп чыгышкан эле. Иш башталганы мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов, Саламаттык сактоо министри болгон Динара Сагынбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качыкыналиев, атайын-прокурор Майрамбек Акматалиев, онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, мурдагы Башпрокурор Аида Саляноваларды суракка чакырып, айыпталгандар соттун чечими менен камакка алынган.

Булардын ичинен Динара Сагынбаева менен Майрамбек Акматалиевди сот залынан бошотсо, Эмил Макимбетов менен Шамиль Атахановдун баш коргоо чаралары өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун, депутат Зарылбек Рысалиевдер суракка чакырылышкан. Зарылбек Рысалиев сурак учурунда ден соолугун начар сезип, врачтарга кайрылган. Аида Салянова да сурак учурунда өзүн жаман сезгендиктен Улуттук кардиология борборуна дарылоого жиберилип, кийин тергөө изоляторуна кайтып келген. Анын колдоочулары Ак үйдүн алдына чыгып акция өткөрүшкөн. Адвокаты болсо Салянованын ден соолугу аябай начарлап кеткендиктен үй камагына чыгарууну сурап келет

. Бирок ЖАМК врачтары Аида Салянованын ден соолугу жакшы, абактагы кармоо шартына даттануусу жок экендигин билдиришти. Анын адвокаты жүрөк орулу Салянованы абакта кармоонун өзү эле кыйноого барабар деп санап, Кыйноолорго каршы борбордун адистерин кийирүүнү айтып келет.

Мыйзамдагы ууруну качырып жиберүүгө шектүү делгендердин бири УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиев. Изкубарлар 70 жаштагы аксакал-чекисттин изин Кыргызстандан лупа менен издеп таппай жатышат. Сыягы Шадиев сыяктуу чек ара торунан аша качкан кейиптенет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *