Ауу! УКМК Бабанов Таласта тайраңдап жүрөт

   Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов учурда мекени Талас облусунда тайраңдап жүрөт. Анын Кыргызстанга келгенине туура бүгүн 5 күн болот. Ал Таласта ыйык жер болгон “Манас-Ордодо” үй бүлөсү менен зыярат кылып, түлөө өткөрдү. Бабановдун мекенине кайтып келиши далайлардын баш оорусу болуп, түн уйкусун бузду.

Өмүрбек Бабанов Орусияда 2 жылга жакын болду. Ал президенттик шайлоодон кийин жеңилгенин мойнуна алып, саясаттан кетээрин айткан.

  УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

  Ал эми УКМК эгер Бабанов Бишкеке келе турган болсо жоопко тартылаарын айткан болчу.   Келсе эле жоопко тартабыз деп опулдап жаткан УКМК дагы эмнегедир унчукпай жатышы эмнеден кабар берет?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *