Азербайжан президенти Ильхам Алиев Бишкекке качан келээри белгилүү болду

   Мезгил

Кечээ, 5-февралда Азербайжан президенти Ильхам Алиев Баку шаарына жумушчу сапары менен келген Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу  Тышкы иштер министринен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. Ушул жылдын күзүндө боло турган Азербайжандын президенти Алиевдин Кыргызстанга боло турган биринчи расмий сапарынын маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 Эки тарап Азербайжан каржылап жаткан Достук сейил багынын, Бишкектеги мектептердин курулушу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан сырткары Бишкек — Баку аба каттамдарын жандандыруу да бар.

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *