Азербейжандын президенти өз өлкөсүнө Сооронбай Жээнбековду чакырды

Мезгил.

Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Сооронбай Жээнбеков Азербейжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Алиев Кыргызстанга түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин саммитинин жыйынына катышуу үчүн келген.

“Кыргызстан бир туугандык мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө чоң маани берет.  Биз бардык тармакта досторубуз менен ачык жана маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз”, – деген Жээнбеков Азербейжандын 100 жылдыгы менен Ильхам Алиевди куттуктады.

 Азербейжан президенти Кыргызстанга  чакыргандыгы  үчүн Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

“Бул уникалдуу табигый эстеликтери менен кыргызстандыктарды жана келген конокторду кубантат. Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин саммитинин уюштурулушу менен сизди куттуктайм. Бул биздин биримдикти жана кызматташтыкты тастыктай турган маанилүү иш чара. Эки тараптык мамилелерди талкуулаганга эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мен Кыргызстан менен мамиле жасоого өзгөчө көңүл бурам. Биз бардык жаатта – саясий, экономикалык, транспорттук тармактарда кызматташууну өстүрүүгө ниеттенип турабыз”, – деди Ильхам Алиев.

Ошондой эле ал кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Азейбейжанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *