Ажого айтылган кептер. Тимур Саралаев: “Президент – “кимдер кылып жатканын билем, алар менин “досторум”, – деп жооп берди”

Мезгил

Бүгүн өлкө башчысы жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда жарандык коомдун ар бири өкүлү Сооронбай Жээнбековго өз ойлорун айтып суроолорун бергенге үлгүрүштү. Бул жолугушууга катышкан «Жаңы муун» саясий кыймылынын лидери Тимур Саралаев өлкө башчысына эки көйгөйлүү маселе менен кайрылганын айтат.

Биринчи маселе, – бул өлкөбүздө соңку мезгилдерде трайбализмдин күчөшүн, мамлекеттин, коомдун туруктуулугуна кооптуу регионализмдик жагдайларды айрым саясий күчтөр кайсы жээктен козутуп жатканын айттым. Ал маселеге президент – “кимдер кылып жатканын билем, алар менин “досторум”, – деп жооп берди.

Тимур Саралаев профсоюздар Федерациясындагы коррупциялык башаламандык, карапайым эмгекчилерди коргогондун ордуна, тескериче алардын укугу кордолуп жатканын билдиргендигин кошумчалайт.

Ошондой эле өлкөбүздөгү Кыргызстан профсоюздар Федерациясындагы коррупциялык башаламандык, карапайым эмгекчилерди коргогондун ордуна, тескериче аларды кордоп жатышканын баса белгилеп, өлкө профсоюздарынын Социалдык фонддон жылына миллиондогон бөлүнгөн акча-каражаттар өзүм билемдик менен колдонуп жатканын, профсоюздар Федерациясына чара көрүүнүн жана президенттин алдында коомдук комиссия түзүү зарылчылыгын айтым. Президент, профсоюздук маселени биргелешип карайлы, ал жердеги көйгөйдү чогуу оңдойлу деп жооп берди- деди Тимур Саралаев

Өлкө башчысы менен жолугушууга жарандык активисттер, укук коргоочулар жана коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Иш-чара 10до башталып, түшкү саат экиден өтүп бүткөн. Жолугушуу эки саатка белгиленгени менен  президент жарандык коомдун өкүлдөрү менен баарлашууга дагы эки жарым саат кошумча убакыт бөлгөн.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга өкмөттүк эмес 40 уюмдун өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *