Мезгил.
Икрамжан Илмиянов кайда деген суроого КСДП жооп кайтарды.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов дагы деле Кыргызстанга келе элек. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын билдирген маалыматына караганда, Илмиянов учурда Москва шаарында жүрөт.
Икрамжан Илмиянов май айында Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Аны алгач Сауд Аравияга ажылыкка кетти дешкен. Кийинчерээк, Москва шаарына апасын дарылатканы алып кеткени белгилүү болгон. Ошону менен экс-кеңешчи мекенине кайта элек.
Булак: Мезгил Ньюс