Азия чемпионаты: Балбан Улукбек Жолдошбеков Азиянын чемпиону болду

   Мезгил

Балбан Улукбек Жолдошбеков Азиянын чемпиону болду. “Биргелешкен күрөш дүйнөсү” уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык,  Жолдошбеков Казакстандын спортчусу Нурболат Абдуалиевди, чейрек финалда ирандык Мажид Алмаз Дастанды, жарым финалда индиялык Рахул Баласахебди жеңди. Тажикстандык Мухамад Икромовду утуп, алтын медалга ээ болду.

Беттеш Индиянын Нью-Дели шаарында өтүүдө.

Буга чейин бул мелдеште күрөштүн ушул эле түрүнөн 22-февралда кыргыз балбаны Арсалан Будажапов Азия чемпиону аталган. Ал эми албандар Бекболот Мырзаназар уулу менен Исламбек Орозбеков коло медалдарды тагынышты.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *