Азиз Суракматов депутаттарга 2 млн. насыясы бар экенин, бизнесин таштай албасын айтты

Мезгил

Суракматов Бишкек үчүн иштейби же бизнеси үчүнбү?


«Айдан түшкөндөй» болгон Азиз Суракматов тууралуу маалыматтар күндөн-күнгө арбып, ал тууралуу жакшы пикир топтолгон жери жок. Аны өзү деле сезип маанайы пас экендигин жакындан билгендери айтышууда. Башкасын айтпаганда дагы Бишкек шаарынын депутаттарынын суроосуна берген жообу далайлардын оозун Ошту каратты.
Мыйзамсыз курулуштары буга чейин бир нече жолу айтылып, шаардыктарды ансыз дагы ирээнжитип келгени белгилүү. Ушул максатта шаардык кеӊештин депутаттарынын «Мэр болсоӊуз бизнести таштайсызбы» деген суроолоруна

«Таштай албайм. Анткени эки жарым миллион доллар кредитим бар. Аны ким төлөйт?» деп так кесе жооп берген.

Мындан улам кечээ эле жабалактап колдоп жаткан шаардык кеӊештин депутаттарынын ындыны өчө түшүптүр. Суроо туулат. Бизнесин таштай албаган Азиз Суракматов бишкектиктер үчүн иштейби же бизнеси үчүн иштейби?

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *