Азиз Суракматов: Элибиз кылымдар бою туудан кубат алган

 Мезгил

Кечээ, 3-мартта Кыргызстандыктар Мамлекеттик желек күнүн белгилешти.

Бишкек мэри Азиз Суракматов кыргыз элин мамлекеттик туу күнү менен куттуктап сүйлөп жатып, элибиз кылымдар бою туудан кубат алганын белгиледи.   

“Баарыңыздарды ыйык туу күнүңүздөр менен куттуктайм. Туу- эркиндиктин, ар-намыстын символу. Элибиз кылымдар бою туудан кубат алган. Манас атабыз баш болгон баатырларыбыз көтөргөн кыргыз элинин кыргыз туусу улутубузду сактап келди. Манас эпосундагы “Ак асаба кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу” деген сөздөрдөн аталардын улутун сактоо күрөшү көрүнөт, аталарыбыз бизге жеткирген ыйык туубузду сактайлы” -деди Суракматов.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.Туу кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Анын ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган төгөрөктүн диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *