Бүгүн Атамбаевди мыйзамсыз кармоо боюнча даттануу арызы каралат

Мезгил

Бүгүн, 19-августта Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-8-август күндөрү кармоо маалында мыйзам бузуулар боюнча адвокаттын даттануу арызы каралат.

Маалыматка ылайык сотук отурум 14:00дө өтөт. Анда жактоочулар мыйзам боюнча Атамбаевди соттук отурумга катышуусун талап кылышууда.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди 8-августта ИИМдин атайын операциясы тарабынан кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камашкан. Ал эми 16-августта Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *