Бүгүн “Бир саатта жүз элечек оройбуз!” аттуу элечек фестивалы өтөт

Мезгил

Бүгүн, 26- июлда  Бишкекте  “Бир саатта жүз элечек оройбуз!”  аталышындагы   элечек фестивалы өтөт.   

Акция кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими — элечекти даңазалоо максатын көздөйт. Акция “Оймо-2018” фестивалынын алкагында, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата өткөрүлүп жатат.

Иш-чара баш калаадагы Ала-Тоо аянтындагы Курманжан датканын айкелинин алдында өтөт. Ага бардык каалоочулар катыша алат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *