Мезгил
Бүгүн, 3-майда БАЭ тарап менен мурда жетишилген макулдашууну ишке ашыруунун алкагында «Дубай-Бишкек» каттамы боюнча Бишкекке 180 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр аэропорттун перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлгөн.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 26-апрелинен бери Бириккен Араб Эмирлигинен 178 кыргызстандык кайтарылган. Мурда маалымдалгандай, 2020-жылдын 10-майында БАЭден КР жарандарын чыгарып кетүү боюнча алдын ала Эмират тарабы менен макулдашуу жетишилген.