Бүгүн Казакстандын жаңы президентинин инаугурациясы болот

 

Мезгил

 Бүгүн саат 12:00дө Казакстан Республикасынын парламенттер палатасынын жыйыны менен биргеликте Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы болот.

Бул тууралуу  жергиликтүү басылмалар, отставкага кетип жаткан өлкө башчы Нурсултан Назарбаевдин буйругуна таянып  билдирди.

Эске салсак, Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл бою мамлекетти башкарып келе жаткан Назарбаев кызматтан кетип жатканын кечээ жарыялады.

Ошол эле кезде ал республиканын Коопсуздук кеңешин төрагасы бойдон кала берээрин белгилеген.

Айрым серепчилер бул даража президенттин үстүндөгү органы болуп эсептелээрин жана Назарбаев бийликтен толук кетпей турганын айтышууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *