Мезгил
Баткен облусуна караштуу Кара-Булак айыл аймагынын Лесхоз участкасында жайгашкан асфальт чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, болжолдуу маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен 4 тонна битум өрттөнүп кеткен.
Учурда өрттүн себептери такталууда.
Булак: Мезгил Ньюс