Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Мезгил

Бүгүн, 18-июлда Ош шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашевди сунуштаган.  

Таалайбек Сарыбашовдун Ош шаарынын башчысы болушуна  44 депутат макул деп добуш берип, бирөө каршы болду. 

 Белгилей кетсек Сарыбашев 2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет.  Ал эми  Ош шаарынын мурдагы мэри  Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *