Бүгүн премьер-министр Абылгазиев Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынына катышат

Мезгил

Бүгүн, 27-июлда   премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин  Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.

Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темаларын, ошондой эле ЕАЭБ ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *