Бүгүн саат 14:00дө кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматы угулат

Мезгил

Бүгүн, 18-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өкмөттүн маалыматы угулат.

 Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бүгүн, саат 14:00дө кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон окуя тууралуу өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады. Депутаттар  бул сунушту  колдоого алышты.

  Бүгүн саат 14:00дө премьерди тийиштүү органдар менен кошо чакырып, Максат айылында болуп кеткен окуяны угуп койсок. Ал эми чек ара маселеси тууралуу токтомдордун аткарылышы боюнча маселени кийинки аптада карасак — деди Жумабеков.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *