Бүгүн шаар мэрине талапкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырат

Мезгил

Бүгүн, 31-июль күнү  саат 14:00дө Бишкек мэрине талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында кыргыз тилинен сынак тапшырат. 

Маалымдалгандай, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы мамлекеттик тилден сынак алуучу топтун курамын бекитти.  

Жети кишиден турган топ  талапкерлердин кыргыз-тилин сынайт. Сынакта талапкер өзүнүн программасын кыргыз тилинде жазып, окуп бериши керек. Андан тышкары көркөм чыгармадан үзүндү окушат. Кошумча суроолор берилиши дагы мүмкүн.

 Белгилей кетсек азырынча шаар мэрине   Азиз Суракматов жалгыз талапкер. Калаа башчысына талапкерлерди катоо бүгүн 18:00 гө чейин уланат. 

 Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *