Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун иши кайрадан каралат

   Мезгил

  Бүгүн, 29-августта Биринчи май райондук соту “Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүшөнкул Чотоновдун ишин кайра карайт.  Соттук отурум саат 14:00гө белгиленген. 

 Маалыматка ылайык,  жактоочулар камактагы саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышкан. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат.

 Белглией кетсек, Жогорку сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлар менен карап, мурдагы чечимдерди барын жокко чыгарган. Ал эми иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Эске салсак, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан  кесилген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *