Бүгүн Жогорку сот Текебаевдин ишин карайт

Мезгил

Бүгүн, Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин карайт. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирди.

Иштин кайра каралышына орусиялык ишкер Леонид Маевский «ВТБ-24» банкындагы эсебинен 1 млн. долларды чыгарып албаганы тууралуу факты себеп болгон.

Анткени, буга чейин ал адегенде 300 миң доллар, андан кийин 700 миң долларды «Альфа Телекомдун» көзөмөл акциясын сатып алуу үчүн саясатчыга бергенин айтып келген болчу. Ошону менен бирге эле, учурда Орусияда үстүнөн оор кылмыш иши ачылган Леонид Маевскийдин жансакчысы Сергей Кутуков да 2010-жылы июлда Кыргызстанга келбегенин, эч кандай Текебаевге жолукпаганын көрсөтмөсүндө айткан.

 Белгилей кетсек, Текебаев “орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды” деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет.

 Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, мүлктү конфискациялоо менен 8 жылдан эркинен ажыратылышкан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *