Мезгил
Бүгүн, 4-сентябрдан тарта №5 троллейбус өз ишин жандантты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган троллейбус азырынча “Жал кичи району жана Цирк” багыты боюнча каттайт. Чүй проспектиси жана Чыгыш-5 кичирайонунун аймагындагы оңдоо иштери бүткөндө кайра мурунку каттамда багытын улантат.
Бул каттамда жалпысынан 11 троллейбус чыкты.
Булак: Мезгил Ньюс