Мезгил
Бүгүн 18-майдан тарта Италияда кафе, бар, ресторан, сулуулук салондору жана чач тарачтар ачылат. Бирок кардарлар аралыкты сактап, бет кап тагынышы керек.
Аталган өлкөдө айрым аймактарында чиркөөлөрдө сыйынуу жанданып, бирок адамдардын саны чектелүү болот.
Италияда акыркы суткаларда 145 адам коронавирустан каза болду.
Белгилей кетсек, Италия жана Испанияда коронавирустан каза болгондордун саны азайып жатат.