Баары эсте: АЛА-ТОО АЯНТЫНДАГЫ КАН ТӨГҮҮГӨ, ЭРТЕДИР-КЕЧТИР АТАМБАЕВ ДА ЖООП БЕРЕТ

Мезгил

Жакында генерал Өмүрбек Суваналиев менен сүйлөшүп калдым. Ал сөз арасында, “2010-жылдын 7-апрелинде кеч кире электе телефон аркылуу Атамбаев менен сүйлөшүп, анын үйүнө бардык. “Аянтта, силер алып барган балдар бейкүнөө өлүп жатса, үйүңдө эмне жатасың! Балдарды сактап калбайсыңарбы?-деп айттым.

Ал эми Атамбаев “Мен ооруп жатам, аянтка бара албайм… Сен СНБ менен ИИМди башкарып бер?”-деди. “Жок. Мен силер менен иштеше албайм! Анткени, колуңар кан!”-деп, ал айткан кызматтардан баш тарттым. Экөөбүз кер-мур айтыша кеттик, жиним келип бир чабайын десем, анын үйүн чет өлкөнүн спезназы кайтарып жаткан экен. Мен ашыкча кыймыл жасасам спезназдын жоокерлери “на поражение” атып салышмак. Кымбаттуу окурман, Атамбаевге бийлик алып берген балдар аянтта окко учуп каза болуп жатканда Атамбаев үйүндө жатып алган коён жүрөк адам экенин билип алгыла. Ушундай адамдын журт башкарууга моралдык укугу барбы? Албетте, жок! Ошол эле Өмүрбек Суваналиевдин (“Айат”№ 38 29.11.2012-ж.)

 “А.Атамбаев менен оппозиция убагында канча жолу жолугуп жүрдүк, ал дайыма айтчу “Койчу, Конституциялык жолуңарды, бир гана бийликти кууп чыгып, күч менен алыш керек”–деп айтчу. Ой жүгүртүүсү чала бандиттердикиндей болгон президентибиздин деңгээли ушул болсо эмне кылалы. Эмне үчүн Атамбаев бирөөнүн бийлигин кууп чыгып, күч менен басып алды да, Ташиев, Жапаров, Мамытовдорду бийликти басып алууга аракет жасады деп камап салды.

Акыркы кездерде менде шек пайда болду. Алмаз Атамбаев сүйлөп жатып токтоно албай ыйлап жиберет, анан эле эч нерсе болбогондой бир аздан кийин ырсайып күлүп кирмей адаты бар. Мындай артисттик өнөрдү ыраматылык Доке (Д. Садырбаев) да аткара алчу эмес. Президентибиздин ден-соолугунда бир мандеми бар адам болсо керек деген ойду эл арасында көп айтып калышат.

Ал эми Атамбаев, Феликс Кулов менен сүйлөшкөндө «Миңдей адам өлсө да, бийликти алабыз!»-дегени анын бийлик алыш үчүн кан көксөп турганынан кабар берет. Бул сөзү 2008-жылы “Ашууда”-деген Куловдун китебинде жарык көргөн. Атамбаев ошол көксөөсүнө акыры жетти. Ала-Тоо аянтындагы өлгөн балдар менен түштүк жергесиндеги өзбек-кыргыздын ортосундагы кандуу окуяда миңдеген адамдар шейит кетишти. Дүйнө жүзүндөгү жөөт массондорунун тизмесинде жүргөн Отунбаева менен Атамбаевди бийликке алып келиш үчүн ушунча жарандарыбыздын каны төгүлдүбү? Өлгөндүн өзүнүн шору деген ушул да.

Эгер, Өмүрбек Субаналиев айткан учурда Атамбаев үйүндө керт башын гана ойлоп, өз жанын калкалап жата бербей аянтка жетип барганда канча жигиттер аман калмак экен. Ал анткендин ордуна чет өлкөнүн атайын даярдыктан өткөн спезназы менен үйүн кайтартып, өзүнүн кара жанын, үй бүлөсүнүн амандыгын гана сактап калууну ойлогонун аянтта окко учуп жаткан балдарыбыз билишпеди. Ошол балдардын жандары чыркыраган бойдон, азыркы ажонун чыныгы жүзүн көрбөй, арам оюн билишпей шейит кете беришти. Учуру келгенде Атамбаев да көтөрүлүш жасагандар менен катарлаш отуруп, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяга сөзсүз жооп берет.

Анткени, Атамбаевге таандык “Форумдан” чыккан биздин кырчындай жаштарыбыздын көпчүлүгүнө этил спиртин ичирип, колдоруна курал карматып, “тынчтык митингисине”-деп Ала-Тоо аянтына өлүмгө алып келишкендердин артында Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Сариев, Каптагаев, Дүйшебаев ж. б. турганы анык.

 Азыр бийликте тургандыктан алар мыйзам алдында жооп берүүдөн кутулуп жатышат. Атамбаевдин миңдеген адамдын каны менен болсо да президенттикке жетүү, башкы максаты болду. Ал арам оюн эки жыл мурун айтып жатат. Ала-Тоо аянтындагы жаштардын көпчүлүгү, ”жашоо оңолсо, жумуш менен камсыз болсок, республикабыз гүлдөп өнүксө, чыныгы элдик президент башкарса”-деп жакшы тилек менен чыккан Ак үй алдында жаштар эмне үчүн окко учушту, жашка тойбогон жаштыгын ким үчүн кыйышты? Атамбаев ошол жаштардын ак тилектерин актай алдыбы? Албетте, жок!

Алардын кунуна берилген бир бөлмөлүү үй, миллион сом маркумдардын өмүрүнүн баасыбы? Бул нерселер, жетимкалган баланын өз атасынын көзү тирүү болуп, маңдайынан бир сылап, өөп койгону бир комнат үйдөн, бир миллион сомдон да кымбат болмок эле. Аянтта окко учкан балдарга бирмиллион сом, бир комнат үй деп кунун ким бычкан?

Ал эми, Баткен согушунда Кыргызстан деген ыйык мекенибизди коргоп жатып, баатырларча каза болгон балдарга болгону он миң сомдон гана акча каражатын беришкен. Эмне үчүн бул нерселер ачык айтылбайт?

 Балким, жаштардын күчү, кыйылган өмүрү менен мамлекеттик төңкөрүш жасаган адамдар ушинтип маркумдардын тууган уруктарынын оозун жаап жаткан болуп жүрбөсүн деген ой кетет. Эмне үчүн А. Атамбаев, Р. Отунбаеванын, Э. Каптагаев, Ө. Текебаев, Т. Сариев, К. Дүйшебаевдин балдары окко учкан жок? Ал тургай баштарына таш да тийген жок. Жалгыз гана Бекназаровдун баласы жүрдү. Калгандар балдарын үйлөрүнө, дачаларына алып барып жашырып коюшуп, карапайым адамдардын балдарын окко салып беришкени калппы?

Ачуу чындыкты, элге айта турган убакыт келди. Ала-Тоо аянтында кызыл кыргын боло турганын Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарысы билишкен. Ал тургай ошол окуя болгонго чейин Текебаев өтө шашылыш түрдө ден-соолугун карап, операция жасатып чыкканга үлгүргөн. Бул жерде өтө дасыккан белгилүү “козёл провокатор” элди аянтка алдап алып бара жатканын баёо кыргыздар билишпей артынан ээрчип кете беришти.

 Карапайым элдин балдарын тегирмендин ташына бүкүлү бойдон таштап коюшуп, Атамбаевге окшогондору үйлөрүнө барып жатып алышканы эми гана белгилүү болуп жатат Качан гана ак үйдү мурунку бийлик өткөрүп берген соң, булар талаадагы суурлардай болушуп үйлөрүнөн чыга келишип, папке талашка өтүшкөнү маалым. Жаштардын көпчүлүгү буларга алданганын эми гана түшүнүп жатышат. Кышындасы жылыбаган бир бөлмөлүү, арзан бетон үйлөр менен алдап өздөрү тонналаган алтын, Бакиевдерге таандык мүлктөрдү, банктагы ячейкалардагы жүз миллиондогон долларларды бөлүп алышты. Анын айланасында канча ызы-чуу болушту. Акчаны телефон аркылуу кандай бөлүшкөндөрүн гезит беттеринен окудук. Окко учкандардын көпчүлүгү колу жука, карапайым адамдардын балдары экени өкүндүрөт. Ошол жаштар өлкөбүздө өзгөрүү болсо экен, жашообуз оңолсо экен деп кырчындай өмүрүн кимдер үчүн кыйышты эле?

Кырчындай окко учкан балдардын арбагынан Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү коркушпады. Ошолордун бири ”Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү мародёрлор болуп чыгууда. “Ата-Мекен” партиясынын кээ бир депутаттары башка бирөөнүн байлыгын тоносун деп тиги балдар окко учту беле? Бир – эки министр, үч-төрт депутатты, он миң, отуз миң сом пара алды деп камап койсо эле коррупция менен катуу күрөшкөндүккө жатпайт.

Андай эле Атамбаев коррупция менен күрөшкөнүн көрсөткүсү келсеошол убактагы  премьер-министри Ж. Сатыбалдиев, И. Өмүркулов, Ө. Бабанов, А. Шадиев ж. б. күркүлдөрдөн баштаса эл ишенмек. Анан ылдыйлап морадёрлор аталган Т. Мадылбеков, Р. Төлөгөнов, ж. б. улап кетсе болмок эле да.

 Кудай-кудай дей бергени менен арбактардан коркпогон Атамбаевди арбактарга койдук. “Бийликти кууп чыгып, басып алыш керек!”-деген башкы идеолог да ушул Алмаз мырза эмес беле. Атамбаевдин ичине шайтан кирип алганын өзү да билбесе керек. Алмаз мырза дайыма ооз толтура Кудай дей берген “чала молдо дин бузарлардан”-деп эле ачык айткым келет. Ошон үчүн эл арасында “Атамбаев түшкө чейин имам, түштөн кийин Иван”-деп бекер жеринен айтпаса керек. “Калк айтса, калп айтпайт” эмеспи. Кыскасы, “Атамбаев Кудайдан өзүң корк!”- деген адам жок…

Автор: Ырысбек Өмүрзаков

“7-АПРЕЛЬ ЖАНА ТҮШТҮК КООГАЛАҢЫ ЖУРНАЛИСТТИН КӨЗҮ МЕНЕН” китебинен үзүндү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *