Бабанов бүгүн Финполго кайрадан суракка барат

Мезгил

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн 27-августта  Финполго   кайрадан сурак берүүгө барат. Ал бул тууралуу өткөн жумада  журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан.

 Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 20-августта УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылган. Ошондой эле Бабановго карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып да коюлган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *