Бабанов бүгүн кайрадан Финполго сурак бергени барат

   Мезгил

Өмүрбек Бабанов бүгүн кайрадан Финполго суракка чакырылды. Бул тууралу ал өзү кечээ УКМКга сурак берип чыккандан кийин журналистердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында ал бүгүн саат 15:00дө Финполго сурак бергени барат. Ошондой эле 23-августта УКМКга кайрадан суракка чакырылганын кошумчалады.

 Белгилей кетсек,  Бабановго карата  эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Ал эми УКМК эгер Бабанов Бишкеке келе турган болсо жоопко тартылаарын айткан болчу.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *