Бабанов: Кыргызстанга келбесем “коркок эле коркок” дешет

Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов УКМКга сурака кирип бара жатып журналистердин суроолоруна жооп  бергенге жетишти.   Анда бийлик, күч органдары  аны аэропорттон кармабаганына ыраазычылыгын билдирди.

-Мени аэропорттон эч ким  кармашкан жок. Жай баракат кичи мекениме барып үй бүлөм менен жолуктум.  Эми суракка чакырып, сылык маанайда өтүп жатат. Баары мыйзам чегинде болот деп ишенем. Мен сыртта жүргөндө да көп ушактар болду. Кыргызстанга келбесем “коркок эле коркок” дешет. Кыргызстанга келсем, бул сүйлөшүп келиптир, же бирөөлөр кепилдик бериптир деп айтып атышат. Сүйлөшүп келсек ар бир укук коргоо органдары чакырбайт эле да- дейт Бабанов.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *