Бабанов УКМК менен Финполго сегиз кылмыш иши боюнча суракка алынууда

  Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Өмүрбек Бабанов кечээ 29-август күнү сурактан кийин УКМК менен Финполго сегиз кылмыш иши боюнча суракка алынып жатканын билдирди. Алардын ичинен төртөөсү боюнча финполдо, калгандары боюнча УКМКда көрсөтмө берүүдө.

Белгилей кетсек,  Бабановго карата  эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Ал эми УКМК эгер Бабанов Бишкеке келе турган болсо жоопко тартылаарын айткан болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *